7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жайылдагы психоневрологиялык мекемеде бейтаптарга адамгерчиликсиз мамиле жасалган

279

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Жайыл районундагы психоневрологиялык мекемеде бейтаптарга адамгерчиликсиз мамиле жасалган фактылар аныкталды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарады.

Маалыматка ылайык, 25-октябрда аталган борбордун кызматкерлери Жайылдагы аялдардын психоневрологиялык социалдык стационарында болуп, бейтаптарга карата одоно мыйзам бузууларды аныкташкан.

Белгиленгендей, №1 корпуста 72 адам көзөмөлдө болсо, аларга 64 эле керебет даярдалган. Эки аял жерде жатууга аргасыз, дагы алтоо шарты жок, бир чака гана коюлган бош бөлмөгө камалып, антисанитардык шартта жашаган.

Мекеменин кызматкерлери бул бөлмө психикалык жактан артта калгандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн “изоляциялык бөлүм” катары колдонуларын билдирген.

Бул боюнча аталган борбордун кызматкерлери оорукананын кызматкерлерине карата адамга ылайык келбеген мамиле жасоо боюнча акт түзүп, документтер тиешелүү чара көрүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

 

280