Бишкекте тик учактын кулашынан каза болгон Жайыл Самудиновду бүгүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
29 жаштагы Самудинов быйыл үйлөнмөк. Жакындары ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу экенин билдирди.
Эскерте кетсек, 17-январда машыгууда “Фрунзе-1” авиабазасынын Ми-8 аскердик тик учагы кулап, экипаждын командири, капитан Жайыл Самудинов курман болду.