Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Кыргыз Республикасынын Президентинин экологиялык коопсуздук жана климаттык туруктуулук боюнча жарлыктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоону чектөө жөнүндө» токтомунун талаптарын аткаруу максатында Чүй облусунун Кашка-Суу айылындагы Ак-Таш жайытында рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө.
Рейддер Аламүдүн райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлүп жатат. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө тиешелүү документтери жок, мыйзам талаптарын одоно бузган эндуро мотоциклдери аныкталып, айып короолоруна токтотулууда. Ошондой эле мыйзамга ылайык административдик чаралар көрүлүп, айып пулдар салынууда.
Белгилей кетсек, жарандарга түшүндүрүү жана эскертүү иштери жетиштүү деңгээлде жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө мыйзам талаптарын атайылап бузгандарга карата көзөмөл күчөтүлүп, катаал чаралар колдонулууда.
Урматтуу жарандар!
Жайыттарды, жаратылыш аймактарын жана экосистемаларды автоунаа жана мототранспорт каражаттары менен бузууга жол бербөөгө чакырабыз. Жайыттар — мамлекеттин жана элдин баалуу байлыгы. Аларды сактоо ар бир жарандын жоопкерчилиги болуп саналат.
Эскерте кетсек, жайыттарды мыйзамсыз бузуу жана транспорт каражаттары менен кирүү фактылары үчүн мыйзамдарга ылайык 5 500 сомдон 20 000 сомго чейин административдик айып пул каралган.



