Бүгүн, 30-январда көпчүлүк аймактарда кар жаап, туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында -4…+1, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарында +2…+7, Ысык-Көл өрөөнүндө -1…+4 жылуу болсо, Нарында -3…-8 градус суук болот.
Борбор калаада мезгил-мезгили менен кар жаап, күндүн табы -1…+3 градуска жетсе, Ош шаарында +5…+7 градус жылуу болору болжолдонду.
Күнүңүз жакшылыктар менен коштолсун!Бүгүн, жолдор тоңуп тайгак болот. Өзүңүздү этияттаңыз, окурманым!