Алматыда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште спортчулар Айпери Медет кызы менен Акжол Махмудов жарым финалга чыкты. Мелдешти Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайты түз алып көрсөтүп жатат.
82 килограммга чейинки салмак ченинде Акжол Махмудов Түркиядан барган спортчу жеңип алган. Ал эми Айпери Медет кызы беттештин эки раундунун жыйынтыгында жеңишке жетти. 77 килограммга чейинки салмак ченинде дагы бир кыргызстандык Ренат Ильяз уулу биринчи беттешинде жеңилип калды.
Кечээ Жоламан Шаршенбеков менен Атабек Азисбеков 3-орун үчүн беттешип, жеңишке жетишти.