7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жакында чет өлкөлүк номурлуу унааларга карата рейд жүргүзүлөт

141

Жакында чет өлкөлүк номурлуу унааларга карата рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин башка мамлекеттик кызматтар менен биргеликте өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 1000дөн ашуун чет өлкөлүк номурлуу унаалар аныкталган.

Бул багытта өлкө башчысынын жарлыгына ылайык, 1-октябрга чейин мөөнөт белгиленип, өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк номурлуу унааларга 10-аймактык мамлекеттик кыргыз номурларын алуу талабы коюлган. Кыргыз номурларын өз убагында албаган чет өлкөлүк унаалар тетик катары сатылышы, өлкөдөн чыгарылышы же утилдештирилиши керектиги эскертилген.

ИИМдин ЖКККББгы чет өлкөлүк номур менен жүргөн айдоочуларга жакынкы күндөрү ири масштабдагы рейддик иш-чаралар өткөрүлөрүн эскертет.

Рейд учурунда аныкталган чет өлкөлүк номурлуу унаалар айып короо жайына токтотулуп, андан ары чыгарылбай, утилдештирилет.

142