Жакын арада «Фейсбук» социалдык тармагынын аталышы өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу The Verge порталы өз булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-октябрга белгиленген Facebook Connect жылдык жыйынында соцтармактын негиздөөчүсү Марк Цукерберг бул маселени талкуулоону көздөп жаткан. Бирок ребрендинг тууралуу эртерек жарыяланышы мүмкүн.
Бул кадам аталган социалдык тармак ар тараптан сынга кабылып жаткандыгынан жасалып жатат.
Эскерте кетсек, буга чейин компанияда мурда иштеп кеткен Фрэнсис Хоген АКШ Конгрессине катышып, социалдык тармак киреше үчүн кооптуу жана кастыкты козуткан маалыматты таркатууга кызыкдар деп белгилеген.