7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жакында капиталы 50 млн долларды түзгөн кыргыз-өзбек фонду тузүлөт

885

Жакынкы мезгилде Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду түзүлүп, анын уставдык капиталы алгач 50 миллион долларды түзүп, андан кийин 200 миллион долларга чейин көбөйөт. Бул тууралуу президенттин пресс-катчысы Галина Байтеректин эки өлкөнүнүн башчыларынын жолугушуусу боюнча берген комментарийинде айтылат.

Фонддун алкагында кызматташуу төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт: агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, тоо-кен жана металлургиялык өнөр жай, транспорт, турак жай куруу, соода, бизнести өнүктүрүү, энергетикалык комплекс, туризм.

Сүйлөшүүлөрдүн ар бир мүнөтүндө аткаруучуларга конкреттүү көрсөтмөлөр берилип, көптөгөн маселелер жолугушуулар учурунда ишке киргизилди.

Жалпысынан 22 документке жана Президенттердин биргелешкен билдирүүсүнө кол коюлду, алар дээрлик бардык тармактарды камтыйт — билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жаатында өз ара аракеттенүү, эки мамлекеттин тең керектөөчүлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу. Бул кандайдыр бир протоколго гана кол коюу эмес, мурдатан баштатылган конкреттүү пландар.

886