7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

13-15-март күндөрү Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт.

470

13-15-март күндөрү Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКы билдирди.

Техникалык тейлөө иштери жүргүзүлгөнүнө байланыштуу төмөнкү көчөлөрдө белгиленген убакыт аралыгында жарык өчүрүлөт:

13-мартта Пушкин, Абдумомунов көчөлөрүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө — 09:30дан 18:00гө чейин;

14-мартта Киев — Орозбеков көчөлөрү кесилишкен аймак — 09:30дан 18:00гө чейин;

15-мартта Төкөлдөш, Менделеев көчөлөрүнүн Чүй проспектинен Путепровод көчөсүнө чейинки бөлүгүндө — 09:30дан 13:00гө чейин;

Сыдыков, Сүйүмбаев, Осмонкул, Комсомол, Салиева, Буденный көчөлөрүнүн Чүй проспектинен Киев көчөлөрүнө чейинки аймагында — 13:00дөн 17:00гө чейин;

Красный строитель калктуу конушунун Красный строитель, Чоң-Курган көчөлөрүндө, Боом туюк көчөсүндө — 09:30дан 18:30га чейин;

Термечиков көчөсүнүн Ипподром аймагында — 09:30дан 18:00гө чейин;

Арча-Бешик калктуу конушунун Кызыл-Адыр, Абдрахманов, Жайыл баатыр, Шербет көчөлөрүндө — 09:30дан 18:00гө чейин;

Мессарош көчөсү, 76 А дарегинде — 09:00дөн 17:00гө чейин;

Панфилов көчөсүнүн Манас проспектинен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө — 09:00дөн 18:00гө чейин;

Тоголок Молдо көчөсүнүн Рыскулов, Абдумомунов, Фрунзе көчөлөрүнө чейинки бөлүгүндө — 09:00дөн 18:00гө чейин.

471