Жакынкы аралыкта Казакстан Нур-Султан-Бишкек каттамын жандантат. Бул тууралуу Казакстандын Жарандык авиация комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн борборлорунун ортосунда аба байланышын түзүү пландалып, Нур-Султан-Бишкек каттамын «E190-E2/A-320» учактары менен «Air Astana» авиакомпаниясы аткарат.
Каттамдар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен графикке ылайык аткарылары белгиленген.
Учурда жарандар Бишкек-Алматы, Ош-Алматы каттамы менен гана Казакстанга бара алышат.