7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жакында Таласта минералдык суу өндүрүүчү ишкана ишке берилет

401

Жылдын аягына чейин Талас районунда «Арашан» минералдык ичүүчү таза суу өндүрүүчү чакан ишкана ишке кирет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Талас райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен жүзөгө ашырылууда.

Ишкананын курулуш иштерине жалпы 14 млн 147 миң сом, ал эми жабдууларды сатып алууга 7 млн сом бөлүнгөн. Азыркы учурда курулуш иштери толук аяктап өткөрүлүүдө.

Жаңы ишкана ишке кирсе 7-10 адамга жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бул жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жана сапаттуу минералдык сууну пайдаланууга шарт түзөт.

402