Жалпыбыз күткөн үй-бүлөлүк майрам жакындап, саналуу гана күндөр калды. Барыбыз эле жакын адамдарыбызды жакшы белектер менен кубандыргыбыз келет эмеспи. Бул макалабызда капчыгыңызга ылайыктуу өтө кымбат эмес, күнүмдүк жашооңузга пайдалуу белектердин тизмесин сунуштайбыз.
Ата-эне, туугандар үчүн:
Мүмкүнчүлүгүңүз болсо ден-соолукту чыңдоочу жайларга сертификат алып берсеңиз болот. Ошондой эле, үйгө керектүү идиштер жана жылуу шарф, мээлей, жоолук, байпак ал эми, дасторконго жаңгактын түрүнөн, мандарин, апельсин кылып таттууларды даярдап берсеңиздер алар үчүн жагымдуу болмокчу.
Дос-курбу, кесиптештер үчүн:
Негизги белекке китепти сунуштагым келди… Ал эми, термокружка, блокнот, капчык, наушник, акча чогултуучу кутуча, айымдарга болсо косметика жана татуулар.
Сүйүктүүңүз үчүн:
Жуптарга арналган окшош кийимдер, атыр. Ошондой эле, өзгөчө атмосферада чогу тамактанып сырдашуу- бул айымдар үчүн жагымдуу…
Бул белектер жөнөкөй эле сезилиши мүмкүн. Бирок алып жаткан адам үчүн чоң кубаныч тартуулайт. Биздин сүйүктүү окурмандар, сиздер комментарийге биз жазбай калган белектердин тизмесин жазып, ой-пикириңиздер менен бөлүшүп кетиңиздер.
Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен!