7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

602

Жалал-Абад шаарында «Социалдык келишим» долбоорунун алкагында шаардагы аз камсыз болгон 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриядан билдиришти.

Сертификаттарды тапшыруу аземине Жогорку Кеңештин депутаттары, Ш. Ташиев, А.Маткеримов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев катышты.

«Социалдык келишим» долбоорунун максаты – аз камсыз үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгарууга түрткү берүү жана эмгекке тартуу менен жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат.

Кайтарымсыз негизде 100 миң сомдон алган үй-бүлөлөр бул каражатка ишкердик баштайт.

Белгилей кетсек, өткөн жылы социалдык келишимдин негизинде 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген. Бүгүн алар өндүргөн продукциялардын көргөзмөсү да орун алды.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

603