7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад, Чүй облустарында бир катар судьялар дайындалды (ТИЗМЕ)

486

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Садыр Жапаровдун атына Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпысы 13 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 10 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Ал эми 3 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Президент 10 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол коюп, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

— Жалал-Абад облусу:
Чаткал райондук соту:
Шарипбай уулу Керимбек;
— Чүй облусу:
Чүй облустук соту:
Койлубаев Алмаз Абдракунович;
Умуркулов Таалайбек Асканович;
— Бишкек шаары:
Бишкек шаардык соту:
Аккозуев Талант Ниязакунович;
Есекеев Керезбек Суеркулович;
Илиязова Назгүл Асанбековна;
Кожомбердиев Нурлан Кожомбердиевич;
Момуналиев Адис Жолдошбекович;
Чериков Нурлан Кийикбаевич;
Эсеналиев Нурбек Канатбекович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

487