7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: Кургак учук борборундагы бейтап «жылуулук жок» деп арыздангандыгы үчүн ооруканадан чыгарылган

996

Жалал-Абад облусундагы кургак учукка каршы күрөшүү борборунда туберкулез илдетине чалдыгып, дарыланып жаткан 57 жаштагы аялды жылуулук жок деп арызданганы үчүн бейтапканадан чыгарып салышкан. Бул тууралуу бейтаптын баласы, Сузак районунун тургуну 7-каналдын редакциясына кайрылды.

«Апам быйыл январь айында бир айга жетип жетпей кургак учукка каршы күрөшүү борборунда жатты. Ал жакта жылуулук жок экен, ар күнү апама тамак жеткирип барганда, көмүр жагып жатканын көрөм, бирок бөлмөлөрдүн ичи муздак болчу. Суук катуу болгон күндөрү эки- үч жолу апамды үйгө алып кетүүгө аргасыз болдум. Атүгүл кургак учук борборунда жаткан бейтаптар суу токтоп калган учурда 100-200-сомдон да чогултуп беришиптир, бирок өзгөрүү болгон эмес. Оорукана жетекчилигинин бейтаптарга кылган ушунчалык кайдыгер мамилесине ыза болдум. Дарыланып жаткан айрым апалар “Бутубуз тоңуп калып жатат” деп ыйлап отурушат. Ал жактын директоруна «Жылуулук жагын көзөмөлгө алсаңар болбойбу? Бул жерде дарыланып жатышса, эмнеге бөлмөлөр суук? Жылыткыч алып кел деп жатасыз, аны сайсак точкалар күйүп кетет экен. Эмне кылышыбыз керек?!,- десем «Апаңды алып чыгып кете бер. Апа сага керекпи же мага керекпи»,- деген сөздөрдү айтты. Ошентип дарыгер менен бир аз кайым айтыша кеттик эле «Дарыланууңуз бүтүптүр, Сузактан барып дарыларды алып аласыз»,- деп апамды ооруканадан чыгарып жиберди. Башында апама 3 ай жатасыз дешкен. Ал жерде менин апамдан башка канчалаган бейтаптар жатат», — деди ал.

Ал эми аталган кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Бурулкан Кадырова менен байланышканыбызда өзү эмгек өргүүдө жүргөнүн айтты.

«Мен эмгек өргүүдө элем. Бейтаптын баласы замглаврач Кайрынса Дыйканбаевге жолугуп, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыгыптыр. Андан соң, баласы апасын алып чыгып кетип калыптыр. Мен эми жумушка чыктым, баарын тактап, бейтапты кайра жаткырабыз. Ал эми жылуулук учурда берилип жатат, көмүр тынымсыз жагылып турат»,- деди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

997