7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: Мыйзамсыз тосулуп, пайдаланылып келген муниципалдык жерлер ижарага берилет

845

Муниципалдык жерлерди мыйзамсыз курчап турган тосмолор алынып, ордуна тротуар курулуп, көрктөндүрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан автобекет жана “Стамбул” деп аталган кафенин муниципалдык жерде турган тосмолору буздурулууда. Аталган жайлардын жол тарабындагы тосмолору алынган соң жөө адамдар жүрүүчү тротуарлар курулуп, жашылдандыруу иши жүргүзүлөт.

«Мыйзамсыз тосулуп, бир топ жылдардан бери пайдаланылып келген 2418 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер аянты да алдыда ижарага берилип, шаар казынасына каражат түшө баштайт»,- деп берилет билдирүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

846