Чүйдө жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 11 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн таң эрте Москва районунун Ак-Торпок айылында катталган. Honda Stepwgn үлгүсүндөгү жеңил унаалар сүзүшүп, анын кесепетинен 11 адам жабыркап, 1 эркек адам жеринде каза тапкан.
Кырсык катталган жерге Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордон 5 куткаруучу тартылган. Алар саат 08:40та жараксыз абалдагы унаага кыпчылып калган жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдар аймактык ооруканага жеткизилген.