Бүгүн, 22-июнь Жалал-Абад облустук ооруканасынын жаңы корпусуна капсула салуу аземи орун алды.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, 7 кабаттуу заманбап ооруканынын курулушуна старт берилди.
Буга чейин Жалал-Абад облустук ооруканасынын жамааты техникалык базасын чыңдоо максатында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге кат менен кайрылып, муктаждыктарын айтышкан. Генерал ооруканын абалы менен ушул жылдын март айынын аягында жеринен таанышып, жыйынтыгында заманбап шартта оорукана салынары, имаратта тик учак конууга да мүмкүнчүлук түзүлөрү айтылган.
Ал арада генералдын тапшырмасына ылайык, облустук оорукананын аянтында жайгашкан союз мезгилинде курулган эски имараттарды бузуу, айланасын тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Ага ылайык, учурда 2 жарым гектарга жакын аянтка 280 орундуу жаңы имараттын курулушу жанданды. Каражат республикалык казынадан бөлүндү. Курулуш мөөнөтү 2026-жылдын ушул мезгилине бүткөрүлөрү маалымдалды.