7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад ОИИБде журналист айымдар сыйланды

644

Жалал-Абад ОИИБде журналист айымдар сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-март – Эл аралык аялдардын күнүнө карата Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы менен тыгыз кызматташкан басма сөз катчылар жана телевидение кызматкерлери сыйланышты. Аларга Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Нурбек Сыдыков ардак грамоталарды тапшырып, иштерине ийгиликтерди каалады. Алардын коомчулукка маалымат таратууда жана жеткирүүдө эмгектери чоң экендиктерин айтып, мындан ары да көптөгөн жетишкендиктери багындыруусуна тилектештигин билдирди.

Өз кезегинде сыйлык алган айымдар тарабынан ыраазычылыктар айтылып, милициянын жумушу жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу экендиги белгиленди.

 

645