7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад ОИИБдин бирдиктүү терезеси

271

Жалал-Абад ОИИБдин «Бирдиктүү терезеси» өткөн жылы 19413 тактама берген
“Бирдиктүү терезе” режиминде мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү борбору жарандардын милициядан ар кандай тактамаларды алуусун жөнөкөйлөштүрөт. Бул борбор аркылуу коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу да максатталган. Жарандар тиешелүү тактамаларды жана уруксат кагаздарды алуу үчүн терминалдар аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүшөт.


Жалал-Абад облусунун аймагында жашаган жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн тактамаларды берүү боюнча борборлор Таш-Көмүр, Кара-Көл, Ала-Бука жана Токтогул ШРИИБдеринде ачылып, алар өз натыйжаларын көрсөтүп келүүдө.


2020-жыл ичинде ар түрдүү багыттагы тактамаларды алуу үчүн Жалал-Абад ОИИБдин жана ШРИИБдердин бирдиктүү терезеси аркылуу 19663 жаран кайрылган. Алардын ичинен 19413 жаранга тиешелүү тактамалар берилген.


Соттолбогондугун текшерүү үчүн акы төлөө кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы:
– 3 күн ичинде берилсе – 86 сом;
– 1 күн ичинде берилсе – 191 сом.
Бекер негизде берилсе – 7 күндүн ичинде берилет.


Жалал-Абад облусунун тургундары үчүн маалымат алуу телефону: 03722 7-17-88.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

272