Бүгүн, Жалал-Абад облусунан президентке кат жазган балдардын белектери тапшырылды.
Маалыматка ылайык, алар менен ыйгарым укуктуу өкүл Абсаттар Сыргабаев жолугуп, өлкө башчысы тарабынан жиберилген уюлдук телефондорду тапшырды.
Жаңы жылга карата уюлдук телефондор Жалал-Абад облусундагы жалпы үч балага жиберилген.
Алар Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагындагы №66 орто мектептин 8-классынын окуучусу Нурэл Мамрасулов, Аксы районунун Кербен шаарындагы №14 инновациялык жатак мектеп-лицейинин 5-классынын окуучусу Марсель Ооганов жана Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы Макмал орто мектебинин 4-классынын окуучусу Саламат Айдарбековго берилди.
Белгилей кетсек, өлкө башчысы тарабынан облустагы жалпы 456 ата-энесинен ажыраган балдарга майрамдык белектер жиберилген.