7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

632

Жалал-Абад мэринин коммуналдык чарба боюнча орун басары болуп Айбек Жолдошев дайындалды. Ал буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы, «Жалал-Абад Тазалык» мекемесинин жетекчиси, шаардык кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болгон. Буга чейин бул кызматты аркалап келген Элдос Таев өз арызы менен кызматынан бошотулду.

Ошондой эле Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болуп Миргүл Эгемова дайындалды. Ал буга чейин мэриянын курулуш, транспорт жана коммуникация боюнча башкы адиси кызматын аркалап келген. Ал эми буга чейин мэриянын аппарат жетекчилик кызматтын аркалап келген Эрнист Зияйдинов Кербен шаарына мэр болуп дайындалгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

Мындан сырткары, мэриянын курулуш, транспорт жана коммуникация боюнча башкы адиси кызматына Дастан Кошназаров дайындалды. Ал буга чейин аталган бөлүмдө жетектөөчү адис катары иштеп келген.

Жаңы дайындалган жетекчилерди бүгүн, 22-мартта Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков мэриянын эмгек жамаатына тааныштырып, иштерине ийгилик каалоо менен жүктөлгөн милдеттерин таза, так жана жоопкерчилик менен аткарууга чакырды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

633