Жалал-Абад шаарына жаңы мэр катары, 39 жаштагы Эрнист Ормоков шайланды. Бул 7-каналдын аймактагы кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, Ормоковду шаардык кеңештин бүгүнкү сессиясына катышкан 28 депутаттын баары бир добуштан колдоп беришти.
Белгилей кетсек, Эрнист Ормоков жаңы түзүлгөн «Акниет» коалициясы тарабынан сунушталган. Ал буга чейин шаардык кенештин төрагасы жана депутаты болуп эмгектенген.
Жалал-Абад шаарын 2018-жылдан бери башкарып келген Мураталы Тагаев октябрь айындагы бийлик алмашуудан кийин өз арызы менен мандаттын тапшырган болчу.