7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад шаарында 1500 окуучу “Манас» айтты

626

Бүгүн, 26-апрелде Жалал-Абад шаарындагы «Барса» футбол академиясынын стадионунда 1500 окуучу “Урааным Манас” аталышындагы “Манас” айттуу боюнча республикалык кароо-сынагынын алкагында «Манас» айтышты.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жетекчисинин орун басары Нурбек Талантбеков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев катышып, «Манас» айтып жаткан окуучуларга ийгилик каалашты.

Белгилей кетсек, сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу, улуттук маданий жана руханий дөөлөттөрдү сактап калуу максатында 20-апрелден 11-майга чейин республиканын бардык аймактарында өткөрүлөт.

 

627