7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад шаарында Баткен согушунун 21 жылдыгы белгиленди

844

Бүгүн, 26-октябрда Жалал-Абад шаарында Баткен согушунунун аяктаганынын 21 жылдыгы белгиленди. Ага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардын вице-мэри Гулбарчын Таштанбекова жана Баткен согушунун ардагерлери, апаатта курман болгондордун жакындары катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алгач, “Жеңиш” паркында 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондор эскерилип, алардын эстелигине гүл коюлду.

Белгилей кетсек, Баткен согушуна Жалал-Абад шаарынан 84 жоокер барып, алардын 12си баатырларча курман болгон. Аларга жергиликтүү бийлик тарабынан жыл сайын акча каражаты тапшырылып келет. Быйыл да шаар казынасынан 84 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

845