7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад шаарында гүлдөрдүн жарманкеси өтөт

486

Бүгүн, 27-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы «Мир» кинотеатрынын алдында гүлдөр жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата уюштурулууда. Анда жашы улгайган жарандар тарабынан жарманкеге гүлдөр коюлат.

“Бүгүнкү биздин иш-чарабыздын максаты-үйдө бош отурган карыялардын көңулүн  аз да болсо көтөрүү үчүн гүлдөрдүн жарманкесин уюштуруп жатабыз.  Аз камсыз болгон жалгыз бой карыялар жана мүмкүнчүлүгү чектелген  жарандар келишип, өздөрүнүн колунан жасалган гүлдөрдү тартуулашат”-деп билдирет уюштуруучу топ.

Белгилей кетсек, жарманкеден өзүңүзгө жаккан гүлдөрдү сатып алсаңыз болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

487