7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БУУнун башкы катчысы Гуттериш Садыр Жапаровдун эки демилгесин колдоду

658

БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун уюмдун трибунасынан көтөргон эки демилгесин колдоорун билдирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жумада болуп өткөн уюмдун Башкы ассемблеясынын 76-сессиясынын алкагында Антониу Гуттериш менен ТИМдин башчысы Руслан Казакбаев жолугушкан.

«Министр туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, тоолуу региондорду өнүктүрүү, адам укуктарын коргоо, экономикалык өнүгүү, жашыл экономиканы куруу, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди. Аны менен катар БУУнун бул багыттарды колдоосун өтүндү. Өз кезегинде Антониу Гуттериш БУУ — Борбор Азия саммитин жана «Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгын» өткөрүү демилгелерин колдой турганын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Соңунда башкы катчы Гуттериш Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жылуу каалоо-тилектерин узатып, жакын арада аны менен жолугушууга ишеничин билдирген.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров  22-сентябрда БУУнун трибунасынан кайрылуу жасап, Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендүүлүгүнө карата жана чөлкөмдөгү коопсуздугу менен өнүгүүсүнүн келечекке болгон биргелешкен планын белгилеп алуу максатында 2022-жылы Борбордук Азия — БУУ саммитин өткөрүүнү сунуштаган.

Мындан тышкары, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык программаны бекитүүнү жана 2027-жылы “Бишкек+25” Глобалдык саммитин чакырууну демилгелеген болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

659