Камчыбек Ташиев бүгүн «Кумтөр» иши боюнча Женевага кетүү алдында турат. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 27-сентябрда 53 жашка толду. Бирок, эртең менен Швейцарияга учмак.
“УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди 53 жаш курагы менен куттуктайм. Бүгүн 27-сентябрь туулган күнү. Бирок Камчыбек Кыдыршаевич мамлекетибиздеги эң маанилүү болуп турган «Кумтөр» маселеси боюнча Женевага 27-сентябрь эртең менен учуп кетет. Кумтөр боюнча тагдыр чечээр күн келиптир. Сапары байсалдуу болуп, Кыргыз элибиздин ырыскысын кайтарса экен!”,- деп жазган ал.
Ошондой эле төраганын сапары боюнча тактоо иретинде айрым маалымат булактары Өткүрбек Рахмановго кайрылышканда, ал бул маалымат так экенин жана Ташиев өзү айтканын тастыктаган.