Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тарабынан «Селсаяк» аталышындагы рейд жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин натыйжасында 5 ата-эне колунда жаш өспүрүмдөр менен тилемчилик кылып жүргөндүгү аныкталган.
Алардын ичинен 3 жаран Өзбекстан Республикасынын Бухара областынан келгендиги белгилүү болду. Аларга коомдук жайларда ыңгайсыздык жаратпоо зарылдыгы эскертилип, коронавирус илдетине байланыштуу эпидемиологиялык абал түшүндүрүлдү.
Рейддин максаты Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук жайларда лөлү тектүү жарандардын ыңгайсыздык жаратууларынын алдын алуу болуп саналат.