Жалал-Абад шаарындагы Эркиндик аянтында Мамлекеттик туу күнү белгиленди
422
Бүгүн, 3-март күнү Жалал-Абад шаарындагы Эркиндик аянтында Мамлекеттик туу күнү белгиленди. Салтанаттуу иш-чарага мэр Эрнисбек Ормоков, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, мекеме-ишканалардын жамааттары жана шаар тургундары катышты.
ИИМдин ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн «Шер» атайын багыттагы бөлүгү тарабынан оркестрдин коштоосунда туу аянтка алып келинди.
Иш-чарада калаа башчысы мамлекеттик туунун маанисине токтолуп, бул күн патриоттуулукка үндөй турганын айтып, жаштарды мекенин сүйүүгө чакырды.