7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: Суу системаларын эксплуатациялоого керектүү шаймандар тапшырылды

845

Бүгүн, 1-апрелде “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусундагы таза суу менен камсыздоо ишканаларынынын арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрүнө суу системаларын эксплуатациялоого керектүү шаймандар тапшырылды.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, “Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” департаментинин облусутагы өкүлү, АРИСтин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана ичүүчү суу менен камсыздоо ишканаларынын кызматкерлери катышты.

Демилгенин максаты, аймактагы ичүүчү суу менен камсыздоо долбооруна катыша элек облустагы 34 айыл аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат. Жалал-Абад облусунда 2019-жылдан тарта 58 айылды ичүүчү суу менен камсыздоо аракети жүрүүдө.

Белгилей кетсек, облуста жалпы 143 суу менен камсыздоо ишканалары бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

846