Жалал-Абаддын Ош — Бишкек багытындагы айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан апта башынан тартып Жалал-Абад — Бишкек багытында каттаган айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери алып барылууда.
Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары Нурлан Саркаров айрыкча туруксуз аба-ырайынан улам, жолго чыгууда сак болуп, ылдамдыкты жогорулатпай, ашууларда этият болуп, күндүзгү убакытта жолго чыгууну сунуштады. Ошону менен катар жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн себептерине токтолуу менен айдоочуларга жол эрежелерин так сактоону, аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу чектөөлөр болуп жаткандыгын, эгер мүмкүн болсо убактылуу кышкы дөңгөлөктөр менен жүрүүүнү сунуштап, эскертмелер берилди.
«Белгилей кетсек, жыл башынан бери облус аймагында 124 (2021-ж. — 114) жол кырсыгы катталган, кесепетинен 20 адамдын өмүрү кыйылып, 206 (мурдагы жылы 189) жүргүнчү денелеринен ар түрдүү жарааттарды алышкан»,- деп айтылат маалыматта.