Жалал-Абадда заводдо темир эритүүчү меш жарылып, 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-майда Жалал-Абад шаарынын Индустриальный көчөсүндө жайгашкан «Мин-Ксин» жоопкерчилиги чектелген коомунун темир заводунда темир эритүүчү меш жарылып, 3 эркек киши тактап айтканда, 1993-ж.т. К.С, 1991-ж.т. Б.А. жана 1996-ж.т. А уулу А. оор күйүк жаракат алышкан.
Күйүп калган жарандарды “Тез жардам” кызматы ооруканага алып кетип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Мындан сырткары 4 адам жеңил күйүк жаракатын алышкан. Учурда алар медициналык короодон өткөрүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн.
Кырсык катталган жерге ӨКМден жерине 3 куткаруучу тартылган.