7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда 180 орунду бала бакча пайдаланууга берилди

669

Бүгүн, 27-апрелде Жалал-Абад шаарынын Некрасов көчөсүндө жайгашкан №18 «Радуга» балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков, ички эмеректерине, керектүү каражаттарына демөөрчүлүк кылган жеке ишкерлер, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана шаар тургундар катышты.

«Аталган бала бакча Кадыржан Батыровдун мамлекетке өткөн мүлктөрүнүн бири болчу. Бирок, аны “Элдик” мамлекеттик ишканасы ижарага берип, бала бакча бир топ жылдар бою кароосуз калып, мүлктөрү талкаланган. Ал эми бала бакча шаардык мэриянын муниципалдык менчигине өткөндөн кийин, ага жергиликтүү бюджеттен 7 миллион 447 миң сом каражат бөлүнүп, 2 кабаттан турган бала бакча толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Ал эми бала бакчанын эмеректерин, ашкана буюм-тайымдарын сатып алууга шаардагы бир нече курулуш компаниялар демөөрчүлүк кылган»,-деп берилет билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 23 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар. Анда 4369 бала тарбияланып келет. Учурда шаар аймагында жергиликтүү бюджеттин эсебинен дагы эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатса, мекеме-ишканаларга берилип кеткен бир топ бала бакчалардын имаратын кайтаруу иши жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

670