7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган «Эсибизде» көргөзмөсү ачылат

1255

Бишкекте бүгүн, 27-апрелде саат 15:00дө С.Чуйков үй-музейинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган «Эсибизде» көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көргөзмө 27-майга чейин уланат. Көргөзмөдө Я.П. Храпковский, В. Тюрин, В.П. Жуков, Кыргыз Республикасынын эл артисти О.М. Мануилова, Т.С. Усубалиев, В.А.Шестопала жана В.М. Кузнецова аттуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын, сүрөтчүлөрдүн  эмгектери коюлган.

«Урматтуу шаардыктар! Сиздерди көргөзмөдө күтөбүз. Келиңиздер, өз өмүрлөрүн аябай, дүйнөбүздү коргогон согуштун катышуучуларына терең урматтоо жана ыраазычылык сезимин чогуу сезели. Музей Чуйков  көчөсү, №87 а, маалымат үчүн телефон: 30-33-64»,-деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1256