7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда 36 жаштагы келин үч баласы менен дайынсыз болууда

720

Базар-Коргон районуна караштуу Жаңы-Акман айылынын тургуну 1988-жылы туулган Наргиза Абдалиева үч баласы менен дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыздардын улуусу 11, ортончусу 7 жашта, уулу экиге толгон. Келин балдары менен үстүбүздөгү жылдын 28-февралында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Келиндин өзгөчө белгилери: Бою 160-165 см, ак-саргыл өңдүү, чачы кара, арык дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Ак-саргыл түстөгү куртка, кара түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим болгон.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Наргиза Абдалиева жана балдары тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү номерлерге чалып, кабарлап коюуну өтүнөт: 102, (03736) 5-02-61, 0224 00 00 15.

 

721