Базар-Коргон районуна караштуу Жаңы-Акман айылынын тургуну 1988-жылы туулган Наргиза Абдалиева үч баласы менен дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыздардын улуусу 11, ортончусу 7 жашта, уулу экиге толгон. Келин балдары менен үстүбүздөгү жылдын 28-февралында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Келиндин өзгөчө белгилери: Бою 160-165 см, ак-саргыл өңдүү, чачы кара, арык дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Ак-саргыл түстөгү куртка, кара түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим болгон.
Милиция дайынсыз болуп жаткан Наргиза Абдалиева жана балдары тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү номерлерге чалып, кабарлап коюуну өтүнөт: 102, (03736) 5-02-61, 0224 00 00 15.