Жалал-Абадда добуш сатып алуу аракетин көргөн талапкер аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-мартында КР УКМК Жалал-Абад областтык башкармалыгына Жалал-Абад шаардык кеңешине ат салышып жаткан партиялардын биринин агитаторлору тарабынан шайлоочуларга пара берүү фактылары жөнүндө маалымат келип түшкөн.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, Жалал-Абад шаарынын тургундары М.З.А., И.М.Т. жана К.Г.К. аркылуу тамак-аш азыктарын таркатуу жолу менен шайлоочуларга пара берүүнү уюштурууга Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер К.С.А. аттуу жарандын катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалыматтар тастыкталган.
2021-жылдын 26-мартында аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
2021-жылдын 8-апрелинде КР УКМК өткөрүлгөн жыйындын жыйынтыгында партияга расмий түрдө эскертүү берүү чечилип, Жалал-Абад шаардык шайлоо комиссиясына билдирилген. Тергөө жүрүп жатат.