7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда “Хизб ут-Тахрир” диний уюмунун лидерлери кармалды

842

Жалал-Абадда “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын эки лидери кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын бири “Солдат” каймана аты менен таанымал болгон “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын Арстанбап аймагындагы лидеринин ишенимдүү адамы, Базар-Коргон районунун 1978-жылы туулган Д.А. аттуу жаран жана Сузак району боюнча “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын лидерлеринин бири, буга чейин 3 жолу соттолгон 1954-жылы туулган И.И. кармалган.

Кармалган жарандар “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын идеологиясын жайылтуу максатында диний окууларды уюштургандыгы белгилүү болуп, социалдык тармактарда фейк аккаунттарды ачышып, ал аккаунттар аркылуу экстремисттик уюмдун аудио жана видео материалдарын таратып жүрүшкөндүгү аныкталган.

Бул фактылар боюнча тергөө амалдары толук жүргүзүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери соттун кароосуна жиберилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

843