7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди

14

2-мартта саат 18:44тө Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жетип, очогу Токтогул районунан түштүккө карай 22 чакырым, Кетмен-Төбө айылынан түштүк-батышка карай 17 чакырым, Көк-Бел айылынан түштүк-батышка карай 3 чакырым жана Кара-Көл шаарынан түндүк-чыгышка карай 20 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Көк-Бел айылында 3,5 баллга жакын, ал эми Кара-Көл шаарында жана Кетмен-Төбө айылында — 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

15