«Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды», — деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 22-апрелде таңкы саат 04:32де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Базар–Коргон районунун Үч-Булак айылында жана Ноокен районунун Тоскоол айылында сезилди.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.