Жалал-Абад шаарында барар жери жок жарандар үчүн ачылган түнөк үйү 1-ноябрдан баштап иштей баштады. Мында 2 бөлмөдө 15 орун даярдалып, аялдар менен эркектер өз-өзүнчө жаткырылат. Аталган түнөк үйгө кайрылган жарандарга түнөгөнгө орундуктан сырткары 1 маал ысык тамак берилет.
Түнөк үй бир топ жылдан бери Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борбору тарабынан уюштурулуп келет. Аталган имарат Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин карамагындагы стадиондо орун алып, анын 3 бөлмөсүн “Кайрымдуулук борбор” түнөгөнгө жайы жок адамдар үчүн жатакана катары пайдаланып келет.