7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда Ташиевдин катышуусунда балдар бакчасы ачылды (ФОТО)

667

Бүгүн Жалал-Абад шаарында атайын кызматтын, чек арачылардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн «Мекен деми» балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Имарат 200 балага ылайыкташкан жана балдар үчүн, тарбиячылар үчүн керек болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Ташиев өлкө боюнча бардык облус шаарларда ушундай балдар бакчасы курулуп жатканын, көпчүлүк бөлүгүндө курулуштар аяктагынын билдирди. Бул аракеттер мекен чегинде кызмат кылып жаткан аскер кызматкерлеринин, атайын кызматтын кызматкерлеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүү жана жашоо шартын жакшыртуу үчүн аткарылып жатканына белгиледи.

Өлкө башчысы тарабынан жасалып жаткан бул иш-аракеттер кызматкерлерге талапты күчөтүүнүн алкагында, зарыл шарттарды түзүп берүү үчүн аткарылып жатканы кошумчаланды.

Аземге жергиликтүү бийлик башчылары, атайын кызматтын ардагерлери жана кызматкерлери, үй-бүлөлөрү катышты. Балдар бакчасынын жетекчисине унаа белек кылынып, жергиликтүү ишкерлер тарабынан мындан ары да колдоо иштери улантылаары айтылды.

668