7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда коррупциялык схемага аралашкан кызматкер кармалды

454

Жалал-Абадда автотранспорт каражаттарынын ээлеринен жасалма техникалык кароодон өткөрүү үчүн каражаттарды системалуу түрдө алууда чагылдырылган туруктуу коррупциялык схеманын иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Такталгандай, оор жүк ташуучу унаалардын ээлери жана жеке жүк ташуучулар акчалай сыйлык үчүн «АвтоТехЭксперт» ЖЧКсынан жасалма түрдө диагностикалык картаны жана жылдык техникалык кароодон өткөнү үчүн талон алышкандыгы аныкталды. 18-январда ушул материалдын алкагында Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык «АвтоТехЭксперт» ЖЧК оператору Б.Р.Р. УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Белгилеп кеткендей, 2023-жылдын апрель айында УКМК Сузак районундагы жеке менчик ишканалар тарабынан ушундай эле мыйзам бузуу фактысы аныкталганын, ошондой эле акчалай сыйлыкка жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспортторду ойдон чыгарылган техникалык кароодон өткөргөн. Аталган ишкананын кызматкери кармалып, соттолуп 110 миң сом айып салынган.

Буга байланыштуу топтолгон материалдар лицензияны жокко чыгаруу үчүн Улуттук аккредитация борборуна өткөрүлүп берилди.

455