Бүгүн 15-майда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерин эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Ага Жалал-Абад ОИИБдин өздүк курамы, ИИОнун ардагерлери, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жубайлары жана жакындары катышышты. Иш-чаранын катышуучулары тарабынан эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, куран окулуп, каза болгон кызматкерлер эскерилди.
Белгилей кетсек Жалал-Абад облусунда 1954-жылдан тартып кызмат учурунда 32 кызматкер каза болгон болсо, анын ичинен 16сы кылмышкерлердин колунан каза тапкан.