Жалал-Абадда мал сарайдан өрт чыгып, 12 баш кой, 1 баш торпок күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы кечээ, 1-декабрь күнү Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылында жайгашкан мал сарайда 23:50дө катталган.
«Жерине №59 ӨКБнүн бир өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылып, аталган жай 01:19да курчоого алынып, бүгүн саат 08:01де толугу менен өчүрүлдү. Жалпысынан сарайдын 192 ч.м аянты күйгөн. Келтирилген чыгымдар 12 баш кой, 1 баш торпок, 1000 түк чөп жана 600 боо жүгөрү бакалы күйгөн. Өрттүн чыгуу себептери учурда такталууда», — деп берилет маалыматта.