7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү белгиленди

356

Жалал-Абад шаарында мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгы белгиленип, жөө жүрүш жана Аюп-Тоо тоосундагы флагштокто тууну салтанаттуу көтөрүү аземи болуп өттү.

Саамалыктын миңден ашуун катышуучулары борбордук аянттан Аюб-Тоо боорундагы “Жалал-Абад” жазуусу коюлган стелага чейин жөө жүрүштөн өтүштү.

Облус башчысы Тилек Текебаев иш-чара катышуучуларын куттуктап, туу Кыргызстандын өз алдынча мамлекет катары таанытып турган эң башкы символикасы экенин белгиледи. Ал ар бир кыргыз жаранын, айрыкча жаштарды Ата Мекенге болгон атуулдук сезимин ойготуп, мекенчилдикке үндөп тураарын айтты.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл улуттук баш кийим болгон – Ак калпак кылымдар боюу аздектеп сакталып, бүгүнкү күнгө чейин жеткирилген ата-бабалардын баалуу мурасы экенин кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийин 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынып, 2023-жылы өзгөртүү киргизилген. Ал эми, 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыяланган.

357