7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда талапка жооп бербеген дарыканалар жабылды

822

Жалал-Абад шаарында менчигинин түрүнө карабай медициналык мекемелер текшерилип жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Текшерүү учурунда жеке менчик дарыканалар уруксат кагазы жок, өз алдынча медициналык ийне саюу бөлмөлөрүн ачып, адам ден соолугуна кооптуу жагдайларды жараткан шартта иштеп жаткандыгы маалым болду.

Тиешелүү адистер тарабынан талапка жооп бербеген ийне саюу бөлмөлөрүнө жеринде протокол түзүлүп, жабылды.

Аталган маселе орчундуу көйгөй болуп жатканын айткан адистер тиешелүү чечимдерди кабыл алуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кат жолдомой болушту.

Эскерте кетсек, өз алдынча ачылган ийне саюу бөлмөлөрүнүн санитардык талапка жооп бербеген шартта иштеп жатышы коомчулук арасында ар кандай жугуштуу ооруларды алып келиши мүмкүн. Аныдктан, адистер жарандарды мындай жайлардан дарыланбоого жана ийне сайдыруудан оолак болууга чакырат.

Мындай текшерүү Жалал-Абад шаарында бир ай жүргүзүлөт. Анын алкагында менчигинин түрүнө карабай бардык медициналык мекемелер текшерилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

823