7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда мэр үч эмди төрөтканадан чыгарып, 15 миң сом тапшырды

1218

Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эм бүгүн төрөтканадан чыгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Эрнисбек Ормоков барып, наристелердин абалынан кабар алды. Калаа башчы үч эмдин жакындары менен жолугуп, энеси Гүлнара Бүркүтовага резервдик фонддон 15 миң сом акча каражатын тапшырды.

Аны менен катар үч эмге үй берүү маселеси да көтөрүлдү. Эрнисбек Ормоков жалгыз бой эненин жаңы төрөлгөн наристелерине батир берүүнү шаардык кеңештин депутаттарына сунуштай турганын билдирди. Эл өкүлдөрү сунушту колдоп берсе бөбөктөргө үй берилет.

Эскерте кетсек, 31-март күнү облустук төрөт үйүндө үч эм жарыкка келген. Аларга Аделина, Адилет, Аделя деп ысым ыйгарышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1219