7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда ишкерлерден акча алып, түрмөдөгүлөргө ташыган УКТ мүчөлөрү кармалды

115

УКМК мурда ишкерлерден акча талап кылган деп айыпталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү: С.И.А., Н.Р.Х. жана А.Б.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө жана оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар кылмыштуу идеологияны активдүү карманып, Ноокен районунун тургундарынан акча талап кылып келишкени, алардын айтымында, бул акча түзөтүү колонияларында кармалган адамдарды колдоо үчүн колдонулганы аныкталган.

Ошондой эле кармалгандар физикалык жана психологиялык басымды колдонуу менен жабырлануучуларды өздөрүнүн жеке жактарына катталган ири суммадагы кредиттерди төлөөгө мажбурлашкандыгы тууралуу маалыматтар алынган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, кармалгандар К. Көлбаевдин, «Чач» каймана аты бар Э.Мурзахметовдун колдоосуна ээ болуп, уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү экендиги, 2022-жылы кармалгандардын бири, «Рокки» каймана аты бар Н.Р.Х. Ноокен районунун «смотрящийи» болуп дайындалгандыгы аныкталган.

116